Ксения Палкина Казакстандагы Эл аралык теннис мелдешинде жуптукта 2-орунду ээледи

Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Казакстанда өткөн Эл аралык мелдеште жуптуктун финалында утулуп калды. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, Ксения Палкина өзбекстандык Альбина Хабибулина менен жуптукта финалда орусиялык теннисчилер Полина Монова жана Алёна Тарасова жуптугуна каршы турушкан.  Жыйынтыгында мелдешти 6:4, 1:6, 10:6 эсептеринде орусиялыктар утуп кетишти.

Ошондой эле Ксения Палкина жекеликте жарым финалда казакстандык Камила Керимбаевага утулуп, мелдештен чыгып калган (7:6, 4:6, 1:6 эсептеринде утулган).

Эске салсак, мелдеш Эл аралык теннис федерациясынын желеги астында өткөн. Анын байге фонду 10 000 АКШ долларын түзгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bosmos7
2013-11-16 14:57:30
Азамат!Ийгиликтерди жарата бер! Кыргызстандын желеги дуйнолук дээнгелде желбиресин келечекте.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан