Кыргызстанда жана Казакстанда газга кошулуу 3 этап менен жүргүзүлөт:
Макалада келечектеги абонентке газга кошулуудагы ар бир этабында канча төлөө керектиги боюнча салыштыруу келтирилген. Ыңгайлуу болуш үчүн бардык чыгымдар сом менен эсептелди. Мисал катары, аянты 160 чарчы метрди түзгөн, көчөдө орнотулган газ өткөргүчтөн 30 метр аралыкта жайгашкан үйдү келтирсек болот.
Этап 1. Билдирме жана долбоорду иштеп чыгуу
Кыргызстанда жаратылыш газын кошуу үчүн «Газпром Кыргызстан» компаниясынын Калкты тейлөө борборлоруна, сайт аркылуу же GAZPROM KG мобилдик тиркемеси аркылуу билдирме калтыруу керек. Бул бекер, билдирмени 5-10 мүнөттүн ичинде катташат.
Билдирмени каттагандан кийин 14 жумушчу күндүн ичинде «Газпром Кыргызстан» компаниясынын инженери келип, газдаштырыла турган үйдү карап кетет. Ал үйдүн өлчөмүн тактап, эскиздик чиймени иштеп чыгат: газ өткөргүчкө кайсы жерден, кандай кошулуу керек экендигин, үйдүн кожоюну менен аспаптарды: от казанын жана газ плитасын жайгаштыруу схемасын макулдашат. Мындан кийин инженер үйдү газдаштыруу боюнча сметасын түзүп берет.
Канча турат?
Этап 2. Курулуш монтаждык иштери
Эскиздик чийме даярдалып, макулдашкандан кийин газ өткөргүчтү монтаждоо иштерине өтсө болот. Үйдүн ээси смета боюнча төлөшү керек. Андан кийин «Газпром Кыргызстан» компаниясынын оператору абонент менен байланышып, жумуштар баштала турган күндү белгилейт. Төлөм толук төлөнгөндөн кийин 7 жумушчу күндүн ичинде жумуштар бекитилген график боюнча жүргүзүлө баштайт.
Ушул этапта газ өткөргүчтөр курулуп, газ плитасы жана от казаны орнотулат. Мындан кийинки тейлөө кызматы Нур-Султан шаарында жылына 5000 сомду түзөт. Ал эми Кыргызстанда болсо – бекер.
Канча турат?
Этап 3: газды берүү жана ишке киргизүү
Газды берүү – газдаштыруунун жыйынтыктоочу этабы. Газ берилгенден кийин аны менен колдоно баштаса болот. Ушул этапта үйдү газ өткөргүчкө кошуп, газ плитасын, от казанын орнотуу жана кошуу иштери жүргүзүлөт, газ эсептегич пломбалап бекитилет.
Канча турат?
ЖЫЙЫНТЫГЫНДА ГАЗГА КОШУЛУУ ЧЫГЫМЫ ТӨМӨНДӨГҮДӨЙ