"Керемет Банк" жана NambaFood кызматынын жардамы менен майрамдык дасторконду кантип бир саат ичинде даярдап коюуга болот

Алдыда Жаңы жылдык майрамдар, жоро-жолдоштор менен көңүл ачуу, корпоративдик жана үй-бүлөлүк иш-чаралар. Жаңы жылдын жаңырарына аз эле убакыт калган учурларда кантип майрамдык дасторконду даярдап алууга болот? Мындай шартта сизге "Керемет Банк" жана NambaFood ташып жеткирүү кызматы жардамга келет.

Айтылган сунуштан пайдалансаңыз, Бишкек шаарынын ресторандарынан жана кафелеринен тандап алган тамак-ашыңыз бир сааттын ичинде дасторконуңузда болоруна ишенип коюңуз. NambaFood заказ кылган тамак-ашты көрсөтүлгөн дарек боюнча жеткирсе, "Керемет Банк" тандап алынган товарлар үчүн сиздик төлөмдөрдү өз мобилдик тиркемеси аркылуу 24/7 режиминде жүргүзөт.

NambaFood күнү-түнү иштейт жана 250дөн ашык ар кыл тамак-аш түйүндөрү жана борбор шаарыбыздын дүкөндөрү менен кызматташат. Белгилей кетчү нерсе, тамак-аштан сырткары буюмдарды дагы заказ кылууга болот: китептерди, зоотоварларды, гүлдөрдү, канцелярдык буюмдарды, суусундуктарды, мобилдик аксессуарларды жана башка. Бул үчүн болгону заказыңыз үчүн жүргүзө турган төлөмдөрүңүздү "Керемет Банк" тиркемеси аркылуу жүргүзүү жетиштүү.

Ташып жеткирүү кандайча жүзөгө ашырылат?

"Керемет Банктын" мобилдик тиркемесиндеги "Төлөмдөр" деген бөлүмдөн «NambaFood – жеткирүү кызматы» бөлүмүн тандаңыз.
Заказды тактап, аны себетке топтоңуз – заказ боюнча бардык сумма ташып жеткирүү кызматы менен бирге чагылдырылат.
Бейнакта төлөмдөр кардар тарабынан тандап алынган эсеп аркылуу «Керемет Банк» мобилдик тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт.
Заказды тариздөөдөн соң заказды толук тактоо иретинде оператор сиз менен байланышат.

Эгерде сиз аталган кызматты пайдаланууну туура тапсаңыз, ал эми интернет-банкинг тармакка кошулбаса, анда аны «Керемет Банктагы» карт-эсебиңиз же эсептешүү эсебиңиз боюнча дистанттык негизде, башкача айтканда тейлөө кеңсесине келип отурбай эле активдештирүүгө болот.

Кызматтын шарты боюнча кандайдыр бир суроолор жарала турган болсо, төмөндө көрсөтүлгөн телефон номерге чалып: (0312) 55 44 44 же (0557) 55 44 44 номери аркылуу WhatsApp тиркемесине жазып билүүгө болот.

«Керемет Банк» жана Namba Food биргелешкен долбоору менен убактыңыздарды үнөмдөңүздөр!

«Керемет Банк» - ийгиликке сапарлаш!

«Керемет Банк» - мүмкүнчүлүктөрдүн банкы!

my.keremetbank.kg
Keremet Bank Online

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан