Бүгүн, 16-ноябрда бокс боюнча Кыргызстан курама командасынын өкүлдөрү Азат Усеналиев, Өмүрбек Малабеков жана Эрмек Сакеновдор Эл аралык даражадагы спорт чебери наамына ээ болушту.
Мушкерлерге сыйлыкты КРнын Бокс федерациясынын өкүлдөрү жана бокс жаатында иш алып барып жүргөн ишмерлер тапшырышты.