
О! абоненттери үчүн гана эксклюзивдүү сунуш – Яндекс Плюс сервисине 90 күнгө акысыз жазылуу жүрөт, сервисти миңдеген колдонуучулар тариздегенге жетишишти.
Акысыз байкап көрүү мөөнөтүн *090# буйрутмасын терүү же «Мой О!» тиркемеси аркылуу активдештирип алса болот. Авторизациядан өтүңүз жана артыкчылыктардан ырахат алыңыз – эгер муну кантип аткарууну билбесеңиз, видеону көрүңүз: https://youtu.be/vJjfR4nT3eA
Башында Плюсту кызыкчылык үчүн кошосуң, андан кийин бул сервистерсиз жашооңду элестете албай каласың! Анткени ал жеке көңүл ачуучу аалам менен Яндекстин сервистерин колдонууга жол ачат.
- Яндекс.Музыка. Эмненин угууну билбей жатасызбы? Мынакей, Сиздин тандоолорго негизделген «Күндүн плейлисти». Музыканы тынымсыз уккуңуз келеби? «Менин толкунум» топтомун кошуп алыңыз да, улам кийинки тректи ойлонбостон ырахат алыңыз. Сүйүктүү музыканы угуу жана өзүңөр үчүн жаңы мелодияларды жана синглдерди угуу, подкасттардан жаңы кабарлардан кабардар болуу абдан ыңгайлуу!
- Кинопоиск. «Бүгүн кечинде эмне көрөм?...» деген суроого баш катырбай, күтүүсүз жерден жаңырган жарнамасыз фильмдерди жана сериалдарды көрүү абдан сонун. «Бул айдагы ТОР-10», «Жаңылыктар», «Шпиондор жөнүндө фильмдер жана сериалдар», «Балдарга», «Узун кечелер үчүн 100 фильм жана сериал» же, мисалы, «Күтүлбөгөн сюжеттик чечимдер» сыяктуу топтомдорду ачасыз да, кызыктуусун тандайсыз. Мунун баарына бир нече секундаңыз эле кетет.
- Яндекс Go. Яндекс.Таксинин кардарларын «Комфорт» жана «Комфорт+» тарифтери менен жүргөн ар бир сапары -10%га арзаныраак болгон учурда үнөмдөө сезимин башынан өткөрүшөт.
- Яндекс.Диск. +10 ГБ кошумча орун болгондуктан, эми жаңы файлдарды кайда сактай турган жер белгилүү.
Сунуш 2022-жылдын 28-февралына чейин жүрөт. Акысыз мөөнөт аяктагандан кийин, Яндекс Плюс айына болгону 179 сом турат. Толук маалымат бул жерде: o.kg.
О! менен Яндекс Плюстун сүйүктүү сервистери ар дайым кол алдыңда.