2022-жылы Бишкек шаарында дүйнөлүк стандартка жооп бере турган стадион курулат. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан "Кыргыз футболуна 100 жыл" иш-чарасында айтты.
Президенттин айтымында курула турган стадионго 30 миң көрүүчү батат.
Стадион эч кандай демөөрчүлөрдүн эсебинен эмес, мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнөт.
Бүгүн, 10-декабрда Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында "KFU Football Awards 2021" кечеси өтүүдө.