KFU Football Awards 2021: Жылдын мыктылары кимдер болду?

Кечээ, 10-декабрда Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында "Кыргыз футболуна 100 жыл" аттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарада Кыргыз футболдук союзу футбол жаатында жыл ичинде мыкты болгондорду сыйлады. Жыйынтыгында төмөндөгүлөр мыкты деп табылды:

Кыргыз Республикасынын мыкты оюнчусу - Алимардон Шүкүров;

Профессионалдык лиганын мыкты оюнчусу - Мирбек Ахматалиев;

Мыкты футзалчы - Шохрух Махмадаминов;

Эң мыкты спорттук уюм - Баткен облусунун футбол ассоциациясы;

Эң мыкты футбол машыктыруучусу - Александр Крестинин;

Футзал боюнча эң мыкты машыктыруучу - Учкунбек Абдыжапар уулу;

Мыкты футболчу айым - Айтурган Аскарова;

Мыкты футбол калысы - Денис Шалаев;

Футзал боюнча эң мыкты калыс - Нурдин Букуев.

Иш-чарада
футбол ардагерлерине да эстелик сыйлыктар тапшырылды. Мындан тышкары улуттук футболду өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КФСтин экс-президенттерине, экс-вице-президенттерине, экс-башкы катчыларына эстелик белектер тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан