Түркиянын жараны С.Д. аттуу чет элдик ишкерди уурдап, 3 миллион АКШ доллар акча каражатын талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, бул иштин арасында ИИМдин кызматкерлери, Кыргыз жарандары жана чет элдик жарандар да бар. Уурдоонун уюштуруучусу А.Б. аттуу жаран аткаруучуларды таап, даярдык иштерин жүргүзгөн. Ал түркиялык ишкердин досу жана бизнес өнөктөшү экени аныкталган.
"Уурдалган Түрк жараны С.Д. Кыргыз Республикасына ушул жылдын 1-декабрында учуп келген. “Манас” аэропортунан аны документтерин текшеребиз деген шылтоо менен кармап, аэропорттун милиция бөлүмүнө алып келишкен. Андан соң тапанча менен коркутуп, бардык (акча, саат, телефон, ноутбук) баалуу буюмдарын алып, башына баштык кийгизип, менчик үйгө алып барып 5 күн кармашкан.
Андан соң уурдагандар (уюштуруучу) А.Б.нын катышуусунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, анын жүрүшүндө сатып алууну 400 миң долларга чейин түшүрүшүп, С.Д.ны коё беришип (жасалма түрдө) А.Б.ны барымта катары алып калышкан", - деп билдиришти УКМКдан.
Азыркы учурда кылмышка шектүү катары Х.А.Д., А.Б., Ж.Б. жана “Манас” аэропортунун аба транспорт башкармалыгынын башчысы П.Т. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.