UFC уюмунун мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов бразилиялык мушкер Чарльз Оливейраны "UFC 269" турниринде Дастин Порьени жеңгени үчүн куттуктады.
"Куттуктайм чемпион, сен буга татыктуусуң", - деп жазган Хабиб Нурмагомедов социалдык тармактагы баракчасына.
Бүгүн, 12-декабрда Лас-Вегаста өткөн "UFC 269" турниринде Чарльз Оливейра Дастин Порьени үчүнчү бөлүктө муунтуу ыкмасы менен жеңип алды.
Муну менен Чарльз Оливейра карьерасындагы 32-жеңишине жетсе, Дастин Порье жетинчи ирет жеңилди.