Орусиянын Хасавюрт шаарында өтүп жаткан эл аралык турнирде кыргыз балбаны Арсалан Будажапов күмүш байге утту.
Мелдешке 79 килограмм салмакта катышкан Арсалан Будажапов турнирдин финалына жетип, анда түндүк осетиялык Ацамаз Санакоевге утулуп калды. Муну менен кыргыз балбаны Кыргыз курамасынын пайдасына экинчи байгени алып келди.
Буга чейин 74 килограмм салмакта Исламбек Орозбеков коло байге уткан.
Эске сала кетсек, эл аралык турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан 15 балбан катышууда.