Акжол Махмудов менен Роман Власовдун беттеши май айынын аягында болот. Бул тууралуу эки балбан видео байланыш аркылуу сүйлөшүү учурунда билдиришти.
Роман Власов Европа жана Азия чемпиондугу март айында өтө тургандыктан, алардын беттеши үчүн апрель жана май айлары абдан ыңгайлуу убакыт болорун белгиледи.
Акжол Махмудов да май айынын аягы жакшы учур болорун кошумчалады.
Ошондой эле балбандардын беттеши Бишкек шаарында өтүшү ыктымал. Акжол Махмудов сүйлөшүү учурунда беттештин Бишкекте өтүшүн каалап жатканын билдирди.
"Экөөбүздүн беттешибиз Бишкекте өтүшүн каалайт элем. Себеби мен Бишкекте Азия чемпиону болгом. Сен да Бишкекте жеңилип калганың эсимде. Бишкек сен үчүн жакшы локация болбосо керек. Негедир сага бул жакта ийгилик жылмайбайт. А мага тескерисинче. Мен өзүмдү бул жакта ыңгайлуу сезем. Бирок Кыргыз өлкөсүндө сенин да көптөгөн күйөрмандарың бар. Алар мага жеңилип каласың деп күнүгө жазып жатышат", - деп тамашалады кыргыз балбаны.
Муну менен катар Кыргыз өлкөсүндөгү Күрөш федерациясы жана бир катар машыктыруучулар менен бирге беттешти борбор калаада өтөрүүгө аракет кылып жатышканын баса белгиледи.
"Урматтуу мекендештер. Биз агайлар менен кеңешип, бул беттешти Бишкекте өтөрүүгө аракет кылып жатабыз. Буюрса, Бишкекте өтөт", - деди Акжол Махмудов.
Мындан тышкары алар январь айында Орусияда чогуу машыгуу өткөрүшөт. Ал эми май, апрель жана май айларында беттешке чейин машыгууларын Кыргыз өлкөсүндө улантарын жарыялашты.
Балбандардын видео байланыш аркылуу өткөргөн маеги 1 саатка жакын убакытка созулду. Алар ушуну менен 3-ирет сүйлөшүү өткөрүп жатат.
Эске салсак, мындан бир канча убакыт мурун орусиялык балбан Роман Власов кыргыз балбаны Акжол Махмудов менен беттеш өткөрүү ниетин билдирип чакырык таштаган. Ал эми Акжол Махмудов чакырыкты кабыл алганын билдирген.
Роман Власов Олимпиаданын 2 жолку, Дүйнөнүн 4 жолку чемпиону.