Ысык-Ата районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 7-июлда Ысык-Ата РИИБине Новопокровка айылынын 1982-жылы туулган жашоочусу Б.К. арыз менен кайрылган. Ал чала таанышы курулуш шайманын 40 миң сомго ижарага алып, 20 миң сомун берип, калганын төлөбөй жана шайманын кайтарып бербей качып жүргөнүн билдирген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 209-беренеси "алдамчылык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1984-жылы туулган Т.К. аттуу жаран кармалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.