Жеңил салмактагы UFC уюмунун чемпиону, бразилиялык мушкер Чарльз Оливейра Дастин Порье менен болгон беттештен кийин залдан чыгып бара жатканда күйөрмандар тарабынан анын көз айнегин уурдоо аракети болду. Ал учур видеого тартылып калган.
Видеодо көрүнгөндөй, Оливейра жеңишинен кийин күйөрмандары менен кол алышып залдан чыгып бара жатканда анын көз айнегин белгисиз жаран алууга аракет кылган. Оливейра токтоп, андан көз айнегин берүүнү суранган.
"Көз айнегимди эмне кылышат болду экен? (күлүп). Коопсуздук кызматкерлери дароо таап берди", - деген Оливейра беттештен кийинки маалымат жыйында.
Кечээ, 12-декабрда Лас-Вегаста өткөн "UFC 269" турниринде Чарльз Оливейра Дастин Порьени үчүнчү бөлүктө муунтуу ыкмасы менен жеңип, чемпиондук курду тагынган.