Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын жана коңшу Казакстандын "Кайрат" футболдук клубунун оюнчусу Гүлжигит Алыкулов клубда гол+пас көрсөткүчү боюнча мыктылардын катарына кирди.
Клуб гол+пас көрсөткүчүндө мыкты болгон 10 футболчунун тизмесин жарыялады. Анда Гүлжигит Алыкулов 6 голу жана 6 жолу голдук пас чыгарып бергени үчүн 10 мыкты футболчунун ичинен 3-орунга жайгашкан.
1-орунга чабуулчу Вагнер Лав жайгашты. Ал бул сезондо 17 гол киргизсе, 11 жолу голдук пас чыгарып берген. Экинчи орунга 17 голу жана 8 жолу голдук пас чыгарып бергени үчүн чабуулчу Хосе Канте жайгашкан.
Гүлжигит Алыкулов "Кайрат" клубу менен Казакстан Кубогун жеңип алган.