Дөө-шаалар бири-бирине каршы. Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалында беттеше турган командалар аныкталды

Бүгүн, 13-декабрда Швейцариянын Ньоне шаарында Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалдык баскычында кез келе турган командаларды аныктоо үчүн чүчү-кулак кармоо иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.

Чүчү-кулактын жыйынтыгында плей-офф баскычына өткөн 16 команда бири-бири менен төмөнкүдөй оюн алып бара турган болушту:

"Бенфика" (Португалия) — "Реал Мадрид" (Испания);

"Вильярреал" (Испания) — "Манчестер Сити" (Англия);

"Атлетико Мадрид" (Испания) — "Бавария" (Германия);

"Зальцбург" (Австрия) — "Ливерпуль" (Англия);

"Интер" (Италия) — "Аякс" (Нидерланды);

"Спортинг" (Португалия) — "Ювентус" (Италия);

"Париж Сен-Жермен" (Франция) — "Манчестер Юнайтед" (Англия);

"Челси" (Англия) — "Лилль" (Франция).

1/8 финалдык баскычтагы алгачкы беттештер 15-16 жана 22-23-февраль күндөрү орун алат. Ал эми оюндардын экинчи бөлүгү 8-9 жана 15-16-мартта болот. Чемпиондор Лигасынын 2022-жылдагы сезонунун финалдык беттеши 29-майда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bayern-munchen
2021-12-13 21:44:30
Атлетикону камыр жууругандай жууруп салат го Бавария бул жерде Реал-Бавария-Ман Сити -Псж -Аякс-Ливерпуль -Ювентус-Челси чыгат го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан