Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалы үчүн кайрадан өткөрүлгөн чүчү-кулактын жыйынтыгы жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.
Экинчи жолу өткөрүлгөн чүчү-кулактын жыйынтыгы алгачкысынан бир топ айырмалуу. Алар төмөнкүдөй:
"Зальцбург" - "Бавария"
"Спортинг" - "Манчестер Сити"
"Бенфика" - "Аякс"
"Челси" - "Лилль"
"Атлетико Мадрид" - "Манчестер Юнайтед"
"Вильярреал" - "Ювентус"
"Интер" - "Ливерпуль"
"ПСЖ" - "Реал Мадрид"
Эске салсак, алгачкы жыйынтык атаандаш командаларды аныктоодо эреже бузулду деген негизде жокко чыгарылган.
1/8 финалдык баскычтагы алгачкы беттештер 15-16 жана 22-23-февраль күндөрү орун алат. Ал эми оюндардын экинчи бөлүгү 8-9 жана 15-16-мартта болот. Чемпиондор Лигасынын 2022-жылдагы сезонунун финалдык беттеши 29-майда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтөт.