"Пекин-2022": Жалгыз жолдомо уткан Максим Гордеев Орусияда Олимпиадага даярданууда

Пекин шаарында өтө турган XXIV кышкы Олимпиада оюндарына Кыргыз өлкөсүнүн атынан азырынча жалгыз жолдомо уткан Максим Гордеев даярдыгын Орусияда өтүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги кабарлады.
"Кышкы Олимпиада оюндарына ийгиликтүү даярдануу максатында лыжа спорту боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү Максим Гордеев 12-декабрдан 24-декабрга чейин Магнитогорск шаарында эл аралык окуу-машыгуу жыйын өтөт", - деп жазылат билдирүүдө.
Спортчу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлгөн.
Белгилей кетсек, XXIV Кышкы Олимпиада оюндары 2022-жылдын 4-20-февраль аралыгында Кытайдын Пекин шаарында өтөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
BISHKEK-312
2021-12-14 17:35:17
Күрөштөн башка түрүнөн барбай эле койгулачы!!!
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан