UFC: Валентина Шевченко рейтингде биринчи орунга чыкты

UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко UFC мушкерлеринин рейтингинде салмак категорияларына карабастан биринчи орунга жайгашты. Мындай маалымат аталган уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

Буга чейин биринчи орунда жайгашкан бразилиялык мушкер Аманда Нуньес "UFC 269" турниринде Жулиана Пеньяга утулуп, чемпиондук курунан ажыраган. Мындан улам Валентина Шевченконун башкы атаандашы рейтингде үчүнчү орунга жайгашып, Валентина Шевченко биринчи орунга чыкты.

Муну менен Валентина Шевченко өз салмак категориясында жана жалпы салмакта биринчи орунга жайгашты.

26-сентябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн "UFC 266" турниринде Валентина Шевченко америкалык мушкер Лорен Мёрфи менен кез келип, атаандашынын үстүнөн техникалык нокаут менен жеңишке жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mastura90
2021-12-15 12:42:04
Жакшы жанылык
0
Monsterbek
2021-12-15 13:57:04
Шевченко чачты жайып сулуу болуп эле биринчи орунга чыгып кетти болбосо чачты туйуп жерсо биринчи орунга жетмек эмес. :)
0
Mister-XXX
2021-12-15 16:32:08
Monsterbek,Айжандын сөзүн айтып алдын го...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан