Сулуулук жаатындагы эң беделдүү сынактардын бири болгон "Аалам периси" иш-чарасы жыл сайын өткөрүлүп келет. Быйыл аталган сынакта индиялык Харнааз Сандху жеңүүчү деп табылып, таажы тагынды. Ал Индиянын тарыхын кайталап, таажы тагынган үчүнчү сулуу болуп калды. Эмесе, "Аалам сулуусу" сынагында жеңүүчү аталган Индиянын сулуулары тууралуу баяндайбыз.
18 ЖАШЫНДА "ААЛАМ ПЕРИСИ" ТИТУЛУН БАГЫНТКАН, ТУРМУШКА ЧЫГА ЭЛЕК ИНДИЯНЫН БИРИНЧИ СУЛУУСУ
1994-жылы индиялык Сушмита Сен "Аалам периси" сынагында жеңүүчү деп табылган. Ал титулду 18 жашында багындырып, өлкөсүнүн эң сулуу айымынын тизмесине кирген.
Сушмита Сен 1975-жылы Индиянын Хайдербад шаарында төрөлгөн. Балалыгы Нью-Дели шаарында өтүп, ВВС телекомпаниясынын Индиядагы институтунда билим алган. Журналист болууну каалаган Сушмита Сен журналистика боюнча илим алып, англис тилин окуган.
18 жашында "Индия сулуусу" сынагына катышып, белгилүү актриса Айшвария Рай менен ат салышып жеңүүчү деп аныкталган. Бул сынак Сушмитанын "Аалам перисине" катышуусуна жол ачкан. Беделдүү сынакта индиялык сулуу бикиничен жана кече көйнөгү менен жеңишти камсыздай алган. Финалда Сушмита венесуэлалык, колумбиялык бийкечтерди артта калтырган.
Жеңиштен кийин Сушмита Сендин сүрөттөрү Индиянын бардык гезит, телеканалдарын гана эмес, бүткүл дүйнөлүк маалымат каражаттарына чыккан. Тасмага тартуу боюнча тынымсыз сунуштардан кийин ал актриса болуп, бизнес баштаган.
Актриса катары ал 2000-жылы Индия кинофестивалынын сыйлыгына татыган. Ал "Безумная любовь", "Жена номер один", "Диверсан", "Только ты", "Опасная игра" жана башка ондогон тасмаларда роль ойногон.
46 жаштагы модель турмушка чыга элек. Атактуулукту багынткан актрисанын курган мамилелери үй-бүлө курууга жетпей аяктап келген. Сушмита Сен жалгыз бой эне. Тагыраагы, ал 25 жашында бир кызды, андан кийин дагы бир кызды багып алган. Бүгүнкү күндө кыздарынын улуусу 18 жашта, кичүүсү 9 жашта.
22 ЖАШЫНДА БЕДЕЛДҮҮ СЫНАКТА ТААЖЫ ТАГЫНГАН ЛАРА ДАТТА
"Аалам периси" сынагын багындырган Индиянын экинчи бийкечи Лара Датта. Ал бул ийгиликке 22 жашында жеткен. Учурда ал актриса, модель, "Дүйнө сулуусу" сынагынын ыктыярдуу элчиси.
Лара Датта 1978-жылы Индиянын Газиабад шаарында төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин Бомбей университетинин экономика факультетинде билим алат. Модель, актриса болууну кыялдаган кыз 16 жашында Мумбаиге кетет. Модель катары жарнамалык роликтерге тартылып, клиптерге түшөт.
2000-жылы "Индия сулуусу" сынагына катышып, масштабдуу сынакка катышууга жолдомо алат. Ошол эле жылы "Аалам периси" сынагы Кипрде өтүп, анда модель күчтүү делинген атаандаштарынан алдыга озуп, таажы тагынган.
Актриса катары 2003-жылы "Любовь над облаками" тасмасына тартылган. Андан кийин "Радость моя", "Долг превыше всего", "Преступная ложь" жана башка тасмаларга тартылган.
Актрисанын жеке жашоосу тууралуу ачык, так маалыматтар жок, бирок актёр Келли Жоржи менен мамиледе экени айтылат.
ӨЛКӨСҮНҮН ТАРЫХЫН 21 ЖЫЛДАН КИЙИН ЖАҢЫЛАГАН ХАРНААЗ САНДХУ
Быйыл өткөн "Аалам периси" сынагында 17 жашынан бери сулуулук сынактарына катышып келген Харнааз Сандху жеңүүчү болду. Ал 2017-жылы "Мисс Чандигарх" наамын жеңип, эки жылдан кийин "Miss India Punjab Femina" сынагында биринчи орунду алган. 2021-жылдын сентябрь айында "Аалам сулуусу" сынагына Индиянын атынан катышуу үчүн өткөрүлгөн "Мисс Дива" сынагында жеңүүчү аталган.
Харнааз Сандху Индиянын түндүгүндөгү Чандигарх шаарында төрөлүп-өскөн. Ал апасын өзүнө негизги дем берүүчү деп айтып келет. Анын апасы гинеколог болуп иштейт.