17-ноябрда автожарыштардын Формула-1 сериясы боюнча Дүйнө чемпиондугунун 18-жарышы АКШнын "Гран-Присинде" германиялык Себастьян Феттель ("Red Bull Racing") жеңүүчү аталды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, быйыл Формула-1дин 64-ирет өтүп жаткан сезонунда германиялык 8-жеңишине катары менен жетишти. Бул көрсөткүч менен Феттель белгилүү жарышчы Михаэль Шумахердин рекордун ашып түштү.
Бул жарыштагы 5-орунду ээлегенине карабай, “Ферраринин” курамында жарышка чыккан испаниялык Фернандо Алонсо мөөнөтүнөн мурда мелдеште 2-орунду камсыздай алды.
Эске салсак, Феттель октябрь айында Индиянын "Гран-Присин" утуп, мөөнөтүнөн мурда чемпион аталган.
Формула-1 боюнча сезондун акыркы жарышы 24-ноябрда Бразилиянын Гран-Приси үчүн болгон беттеш менен аяктайт.