Белгилүү аргентиналык футболчу Серхио Агуэро расмий түрдө карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу ал атайын уюштурулган маалымат жыйында билдиргенин чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.
Футболчу мындай чечимди ден соолугуна байланыштуу кабыл алган. Тагыраагы буга жүрөк оорусу себеп болгон.
"Ден соолук биринчи орунда. Дарыгерлер мага футболду токтотууну сунушташты. Ошондуктан мен "Барселонадан" жана биротоло профессионалдуу футболдон кетип жатам", - деп билдирген футболчу маалымат жыйында.
Ошондой эле ал бир топко чейин көз жашын тыя албай ыйлаганы кабарланды.
Эске салсак, Серхио Агуэро акыркы жолу талаа үстүнө 30-октябрда "Алавес" клубу менен болгон оюнда чыккан. Бирок жүрөгүндөгү көйгөйдөн улам беттешти жыйынтыктай албай, алгачкы бөлүктө эле ордун башкага алмаштырып, оюнду токтотууга мажбур болгон.
Футболчу учурда 33 жашта. Ал футболдук карьерасында "Индепендьенте", "Атлетико Мадрид" жана "Манчестер Сити" клубдарында, ошондой эле Аргентинанын улуттук курама командасында оюн алып барып келген. Ал эми былтыркы жылдын июль айында испаниялык "Барселона" клубуна өткөн.