«О!Деньги» капчыгына 24/7 режиминде Россиядан акча которуулар

«Мой О!» кыргызстандыктарды ыңгайлуу төлөм чечимдери менен кубандырууну улантууда.

Эми тиркеменин колдонуучулары үчүн «О!Деньги» капчыгына Россиядан акча которуулардын ыкчам, пайдалуу жана ишенимдүү ыкмасы жеткиликтүү.

Россия Федерациясынын каалаган жеринен капчык жана QIWI терминалдары, ошондой эле «Сбербанк Онлайн» сервиси аркылуу «О!Деньги» капчыгын комиссиясыз толуктаса болот.

Колдонуунун жөнөкөйлүгү жана каражаттардын дароо эсепке түшүүсү керектүү учурда Кыргызстандагы жакындарына акча каражаттарын ыкчам жана ыңгайлуу которууга шарт түзөт. Акча жөнөтүүчүгө алуучунун телефон номерин жана сумманы көрсөткөндүгү жетиштүү.

Каражаттарды 24/7 режиминде өлкөнүн каалаган бурчунан банктык бөлүмдөргө барбай туруп алса болот. Алынган каражаттарды дароо тиркемедеги 2 000ден ашуун сервистерди төлөөгө жумшап же банктык картанын жардамы менен же бүт Кыргызстан боюнча жайгашкан каалаган 100 O!Store дүкөнүнүн биринен накталай акчага айландырып алуу мүмкүн. Жакын жайгашкан филиалын «Мой О!» тиркемесиндеги картадан таап алса болот.

Акча которуу үчүн комиссияны акча жөнөтүүчү төлөйт:

  • QIWI капчыгы жана терминалдары аркылуу: 0%.
  • «Сбербанк Онлайн» аркылуу: 3 миң рублга чейин акча которууларда – 30 рубль, 3 миңден ашкан учурда – которулган суммадан 1 %

«Мой О!» тиркемесин шилтеме аркылуу орнотуп алыңыз: Google Play же App Store.

Тиркеме тууралуу

«Мой О!» тиркемеси – бул «О!Деньги» капчыгын, О! абонентинин жеке кабинетин жана «О!Маркет» маркетплейсин бириктирген санариптик экотутум. Тиркемени 2 000 000дон ашуун жолу орнотуп алышты жана туруктуу жогорку баага ээ болуп келет.

«Мой О!» тиркемесинин мүмкүнчүлүктөрү:

  • О! номерин башкаруу жана жакындардын балансына кам көрүү;
  • 2 000ден ашуун сервистерди телефондун балансынан, капчыктан же кошулган картадан онлайн төлөө;
  • Кыргызстандын, Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Украинанын банктарынын капчыктарын жана карталарын толуктоо;
  • 10%га чейин кешбэкке ээ болуу;
  • «О!Деньги» капчыгын О! Мобилдик операторунун 3 000 төлөм терминалдарынан комиссиясыз толуктоо;
  • Бүт өлкө боюнча 100дөн ашуун филиалдары бар O!Store дүкөндөрүнөн капчыктагы каражаттарды накталай алуу.

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КР УБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан