Жаңы жыл алдында жагымдуу жаңылык! Кыргызстанда ачылган cash2u стартапы Бишкек шаарынын тургундарына пайдалуу сунуш жасайт. Тагыраагы, аталган ишкана мобилдик тиркеме түздү, анын жардамы менен калаа тургундары дүкөндөрдөн, базарлардан соода кылып, ар кандай кызматтар үчүн төлөм терминалдары, электрондук капчыктар, карталар, банк аркылуу бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Сash2u - керектөөчүлөргө дүкөндөрдүн эксклюзивдүү сунуштары, акциялары, алардын жайгашкан жерин оңой табуу жана ар кандай кабарламаларды алуу, төлөмдөрдү жана артка кайтарууларды башкарган тиркеме.
Жаңы cash2u тиркемеси пайызсыз, ыкчам насыяны онлайн алууну камсыздайт. Ал үчүн паспорт гана керек. Кардар тиркемеге кирип кабарлама таштагандан кийин 15 мүнөттүн ичинде анын арызы каралып, талаптарга жооп берсе жактырылып, видео идентификациядан өтөт. Берилүүчү каражаттын суммасы 15 миң сомго чейин, карызды жабуу 3 айлык мөөнөткө бөлүнөт. Тиркеменин ыңгайлуулуктарынын бири - кардар насыяны төлөө күнүн өзү тандайт. Андан тышкары QR коддор аркылуу сатып алууларды жасоо керектөөчүлөргө толук көзөмөлдү камсыздайт, накталай акча менен байланышты азайтат, бул бүгүнкү күндө абдан маанилүү.
Cash2u тиркемесинин өнөктөштөрү күндөн-күнгө көбөйүүдө. Бүгүнкү күндө сервис 60тан ашуун дүкөндөр менен кызматташса, дагы 30дан ашык дүкөн, ири базарлар менен өнөктөш болууну мерчемдеп жатат. Тиркеме аркылуу тиричилик буюмдарын, кийим, бут кийим, балдар үчүн дагы керектүү товарларды сатып алууга мүмкүн. Андан тышкары стоматология, сулуулук жаатындагы мекемелер менен келишим түзүлгөн.
Тиркеме сиздин каалооңузду кийинкиге калтырууну жоюп, убактыңызды үнөмдөп, ишиңизди жеңилдетет. Баса, тиркемеде кызматташкан дүкөн, ишканалардын тизмеси, алардын даректери көрсөтүлгөн. Ошондой эле насыяны төлөө мөөнөтү тууралуу тарыхча дагы бар. Эгерде сиз алган буюмуңузду же кийимиңизди кайра алмаштырып же артка кайтарсаңыз тиркемедеги балансыңызга суммадагы айырмачылык автоматтык түрдө түшөт.
Алдыда сервис берилүүчү насыянын суммасы 15 миңден жогорулатып, өлкөнүн бардык аймактарын камтуунун үстүндө иштеп жатат.
Тиркемени көчүрүү үчүн шилтеме. Ал эми кеңири маалымат үчүн сайтка баш багыңыз.