Ушул жылдын июль айында Beeline Digital Academy менен биргеликте эң актуалдуу IT-адистиктер боюнча окутуу курсуна 17 жаштан жогорку балдарды топтогон. Социалдык долбоордун алкагында Компания бардык каалоочуларга акысыз түрдө окуп, эмгек рыногунда талаптуу кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгүн берди.
Долбоордун алкагында операторго 1 миң 600дөн ашык арыз келип түшкөн жана алардын ичинен 420 катышуучу тандалып алынган. Окутуу үч багытта жүргүзүлөт: UX/UI дизайн, Front-end жана Back-end. Акыркы эки багыт боюнча курстар дагы бир нече ай уланат, ал эми болгону эки айга созулган UX-UI дизайндын окуучулары курсту аяктап, мыкты окуучунун аты да белгилүү болду. Ал Ош шаарынын жашоочусу, 3-курстун студенти, программист Кубаныч Абдираимов болуп чыкты.
«Мен Ош шаарынан болом, математика жана маалыматтык технологиялар факультетинде окуйм. Долбоор жөнүндө социалдык тармактардан билдим. Анын аркасы менен мен көп нерсеге үйрөнүп, жаңы билимимди иш жүзүндө колдоно алдым. Менторлор курстун аягына чейин мага жардам берип, сунуштарын айтып жатышты. Муну менен мен онлайн-форматта окуу мүмкүн экенин түшүндүм. Долбоорго чоң рахмат!», — деп өз пикири менен бөлүштү Кубаныч.
Экзамендик иштин алкагында жаш улан жергиликтүү футбол командасынын сайтынын жана мобилдик тиркемесинин дизайнын иштеп чыкты. Концепция катары ал бул багыттагы бир нече алдыңкы веб-порталдардын мисалдарын алды. Аны ишке ашыруу идеясы насаатчыларга абдан жаккандыктан Кубаныч жеңүүчү болуп калды, ал эми Beeline ага кийинки долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жаңы ноутбук ыйгарды.
Азыркы учурда Beeline Digital Academy менен биргеликте 7 айга созулган Front-end жана Back-end курсунун катышуучуларын окутууну улантып жатат. Окуу 2021-жылдын 15-октябрында башталган. Эки багытта кесиптик багыттоого тестирлөө жүргүзүлгөндөн кийин жалпысынан 395 катышуучу: «Компьютердик сабаттуулук» курсуна 250 катышуучу жана «Программалоонун негиздери» багыты боюнча 145 катышуучу тандалган. Окууну аяктаган соң мыкты бүтүрүүчүлөр ошондой эле Beeline операторунан белекке ноутбук алышат.
Өсүп келе жаткан муун үчүн программаларды иштеп чыгуу көптөгөн ири компаниялар үчүн артыкчылыктуу болуп калат деп ишенет Айзада Мадамбекова, Башкы директордун биринчи орун басары – Beeline’дын финансы директору.
«Жаштардын өлкөбүздөн чыгып кетүүсү – бул мамлекеттин алдында турган көйгөйлөрдүн бири. Биз өсүп келе жаткан муундун билим алуусуна өз салымыбызды кошууну каалайбыз жана ошондуктан IT окутуу боюнча долбоорду ишке ашырдык", – дейт Мадамбекова.
Кошумчалай кетсек, Beeline’дын IT-адистерди даярдоо долбоору социалдык мүнөзгө ээ, анын негизги милдети – коомду агартуу жана программалоо сыяктуу тез өзгөрүүчү чөйрөдө потенциалдуу кесипкөйлөрдүн санын көбөйтүү. Окутуу процессине Программалык камсыздоо жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын кыргыз ассоциациясынын мыкты тренерлери жана насаатчылары чакырылган, ал эми балдар үчүн окуу ыңгайлуу болушу үчүн, уюлдук оператор интернетке чыгуу жана зарыл болгон жабдуулары бар атайын зоналарды уюштурган.
Beeline-Сиз жана Сиздин жакындарыңыз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр.