Орто жана чакан бизнес үчүн байгелүү акция!


Компаньон Банкы менен Банктар аралык Процессинг Борборунун «QR кабыл ал – байгелерге ээ бол» акциясынын кызуу жүрүп жаткан кези.

Эскерте кетсек, акция 5-ноябрда башталган жана 2021-жылдын 31-декабрына чейин жүрөт. Бул аралыкта бардык дүкөн, кафе, ресторан, коомдук тамактануу жайлары, дарыканалар жана башка соода-тейлөө ишканаларынын (СТИ) акчалай байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар. Жалпы байге фонду 200 000 сомду түзөт.

Мыкты активдүүлүктү ар кандай багыттагы соода-тейлөө ишканалары көрсөтүүдө. Өзгөчө Балыкчы жана Исфананын ишкерлери өзгөчөлөнүүдө.

Бирок сиз ушул тапта акцияга катышып, оюндун жүрүшүн өзгөртө аласыз!

Ал үчүн эмне кылуу керек?

  • “Элкарт Трейд” тиркемесин жүктөп алуу.
  • СТИнин өкүлүнүн наамына Компаньон Банкы тарабынан чыгарылган “Элкарт Бизнес” картасына байлоо.
  • Акциянын жүрүшүндө калктан товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдү “Элкарт Трейд” тиркемесинен QR кодду сканерлөө аркылуу кабыл алуу керек.

Бардыгы 5 жеңүүчү болот. Жеңүүчү болуп, эң көп ийгиликтүү төлөм жасаган катышуучулар саналат.

Бардыгына ийгилик каалайбыз!

Кенен маалымат бул жерде.

*ЭЛКАРТ Трейд – бул QR код боюнча нак эмес төлөмдөрдү кабыл алуучу мобилдик тиркеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан