18-ноябрда жарыяланган WTA`нын (Кыз-келиндердин теннис ассоциациясы) рейтингинде кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина 4 орун алдыга жылды. Бул тууралуу WTA`нын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, теннисчи учурда рейтингде 377-орунду ээлеп турат. Бир ай мурунку көрсөткүчүндө ал ушул эле рейтингде 381-орунда болчу. Теннисчинин карамагында 24 мелдештен топтогон 108 упай бар.
Белгилей кетсек, Ксения Палкина WTA`нын рейтингинде орун алган жалгыз кыргызстандык теннисчи.
Рейтингге кирген теннисчилердин жалпы саны 1200гө жакын. Алардын сап башында америкалык теннисчи Серена Уильямс турат.