Бүгүн, 17-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюну өтүп жатат. Ага өлкө башчы Садыр Жапаров жана президенттин администрациясынын командасы катышууда. Андан тышкары футболго УКМК башчысы Камчыбек Ташиев дагы келди. Ал бүгүнкү оюнда 7-катар саны менен ойнойт.
Беттештерге президенттин администрациясынын, ата мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышууда.
Биринчи таймда президенттин администрациясынын командасы менен "Өнөр" командасы беттешип, эсеп саны 2:2 болуп тең чыгышты.