Бүгүн, 17-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюну өтүп жатат. Ага өлкө башчы Садыр Жапаров, президенттин администрациясынын командасы катышууда. Команданын курамында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев дагы бар.
Беттеште президенттин администрациясынын командасы менен "Өнөр" командасы бири-бирине каршы ойноп, эсеп саны 2:2 болуп тең чыкты.
Атаандашынын дарбазасына эки топту тең Садыр Жапаров киргизди. Оюндун жүрүшүндө өлкө башчы "Өнөр" командасынын дарбазачысы менен сүзүшүп, чалкасынан кулап түштү.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров чабуулчу катары оюн алып барды.