Бүгүн, 17-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюну өтүүдө. Ага өлкө башчысы Садыр Жапаров, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев баштаган саясатчылар ойногон “Президенттин администрациясы” командасы да бар.
Анын алкагында президент баштаган саясатчылар экинчи оюнун “федерациялар” командасына каршы беттеш өткөрүшүүдө.
Оюн башталып калыстын ышкырыгы жаңырары менен Садыр Жапаровго тарапташтары ыңгайлуу пас узатышып, ал мүмкүнчүлүктү текке кетирген жок.
Арадан бир нече мүнөт өтпөй Жапаров 7-мүнөттө экинчи голун киргизди.
Азырынча эсеп 2:1.