Кечээ, 17-ноябрда Казакстандын Павлодар шаарында Азиянын Ачык чемпиондугу старт алды. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2-ирет өтүп жаткан тогуз коргоол боюнча Азиянын Ачык чемпиондугу 23-ноябрга чейин созулат. Мелдеш чоңдор, жаштар жана өспүрүмдөр арасында өтүүдө.
Мелдешке Кыргызстандан 36 спортчу аттанган (жогоруда аталган 3 категориянын ар биринде 12ден катышуучу жолдомо алган).
Азиянын 2-ирет өтүп жаткан Ачык чемпиондугуна Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Монголия, Кытай, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан жана Азербайжан мамлекеттеринен 105 спортчу катышууда.