Футзал боюнча Кыргызстан курама командасы дүйнөлүк рейтингде 6 орун артка жылды

Футзал (кичи футбол) боюнча Кыргызстан курама командасы дүйнөлүк рейтингде 6 артка жылды.

18-ноябрдагы рейтингде кыргызстандык футболчулар топтогон 1027 упай менен рейтингде 44-орунду ээлеп турат. Бир апта мурун, 11-ноябрдагы рейтингде Кыргызстан курама командасы 38-орунду ээлеген. Бул өзгөрүү курама команданын 2014-жылы өтө турган Азиянын Кубогунун тандап алуу турундагы көрсөткөн жыйынтыгы менен байланыштуу. Кыргызстан Азия Кубогунун финалдык баскычына жолдомо алганы менен, бир гана упай топтой алган. Ошондой эле футзал боюнча Кыргызстан улуттук курама командасы АФКнын (Азиянын футбол конфедерациясы) рейтингинде 7-орундан 8-орунга жылды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан