23-24-ноябрда Бишкектеги “Боец” спорттук комплексинде эрежесиз эр уруш чеберлери арасында эл аралык мелдеш болот. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучулары билдиришет.
8 салмак категориясы боюнча Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин мушкерлери күч сынашат. Кошумчалай кетсек, мелдешке катыша турган мушкерлердин спорттук даражасы кем дегенде спорт чеберине талапкер болорун кошумчалашат уюштуруучу топтун мүчөлөрү.