Дүйнөлүк күрөш уюму кыргыз балбан кыздарын 2021-жылы ачылыш жасаган балбандардын бештигине киргизди. Мындай маалымат аталган уюмдун расмий сайтына жарыяланды.
"Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз улуттук курама командасы 2017-жылы Айсулуу Тыныбекова чыгып баштагандан бери дүйнөлүк күрөштүн туу чокусуна чыкты. 2021-жылы бул улуттук курама команда мыкты болуп, Дүйнө чемпиондугунда эки алтынды кошкондо үч байге ута алышты", - деп жазылды уюмдун сайтында.
Октябрь айында Норвегиянын борбору Осло шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын байге утса, Айпери Медет кызы коло байгеге ээ болгон.