16-17-ноябрь күндөрү Ош шаарынын аймагында өз өмүрүнө өзү кол салуу боюнча 2 факты катталды. 16-ноябрь күнү Ош шаардык аймактык ооруканасына оор абалда 15 жаштагы шаар тургуну келип түшкөн. Ал көп өлчөмдө димедрол дарысын ичип алгандыгы маалым болду. Учурда кыздын абалы оор бойдон экени айтылды. Ал эми 17-ноябрь күнү 68 жаштагы Алай районунун тургуну Ош шаарында конокто жүргөн мезгилде көкүрөгүнө бычак сайып алган. Ал жаран оор абалда облустук ооруканага жеткирилген. Учурда алардын эмне себептен өз өмүрүнө кол салгандыгы такталып жатканын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлайт.