18-декабрдан бери Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнүн каратэ-до боюнча курама командасынын мүчөлөрү 9 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик кабарлады.
Кадеттер арасында:
Турсунбаева Канышай (47 кг, күмүш байге);
Элнура Ибраимова (+54 кг, );
Худайбердиев Даниел (52 кг);
Адамалиев Михаил (63 кг, бардыгы коло байге).
Өспүрүмдөр арасында:
Айсаева Умида (48 кг, алтын байге);
Эсенкулова Сезим (53 кг, коло байге).
Жаштар арасында (U21):
Ольга Мальцева (+68 кг, алтын байге);
Нурланбек уулу Калыс (67 кг, коло байге);
Нурланов Назим (75 кг, коло байге).
Белгилей кетсек, спортчуларды башкы машыктыруучу Бакыт Дүйшеев жетектеп барган.