Буга чейин SUPER.KG порталына 23 жаштагы кыз кайрылып, Г.Ш. аттуу аялдын бейкүнөө жигиттерге "зордуктады" деп доо тагып, акча алганын, анын бири 1 жылга эркинен ажыратылганын айткан. Кыз сойку катары иштеп, тапкан акчасын Г.Ш`га бере турганын кошумчалаган. Аны менен катар кыз аялга акча карыз болгондуктан энеси күрөө катары Г.Ш`нын колунда экендигин маалымдаган.
Кийинчерээк аты аталган Г.Ш. аттуу аял редакцияга кайрылып кыздын айткандары жалган жалаа экендигин билдирген.
SUPER.KG порталына кызды сойкулукка мажбурлады делген Г.Ш. аттуу айым, кызды зордуктады деген айып тагылган жигиттердин бири, алардын ата-энелери жана окуяга тиешеси бар айрым күбөлөр келип жогорудагы тема боюнча маек курушту.
Кызды зордуктады делген балдардын биринин атасы уулунун мындай ишке жалган жалаа менен илинип калганын билдирди. Анын айтымында окуя болгон күнү Г.Ш. аттуу айым өзүн зордукталган кыздын таежесимин деп тааныштырып, балдардын үстүнөн арыз жазган. Көп өтпөй аталган иш боюнча кайра тосмо арыз жазып бере аларын билдирип, бирок бул үчүн акча талап кылган. Башка аргасы калбаган ата баласын абактан чыгаруу үчүн Г.Ш. аттуу аялга кеминде 200 миң сом акча бергенин айтат.
Муну менен бирге кызды зордуктады делген экинчи баланын апасы да уулун камактан чыгаруу үчүн Г.Ш.га, андан тышкары сот жана жактоочуларга да акча бергенин билдирди. Анын айтымында да Г.Ш. тосмо арыз жазып берүү үчүн акча талап кылган. Айыпталган баланын апасы башка аргасы жок болгондуктан сунушка макул болгонун кошумчалады.
Ал эми Г.Ш. айтылгандардын баары жалган-жалаа экендигин, эч кимден эч кандай акча албаганын айтат. Ошондой эле ал бир эле балага арыз жазганын, калган экөө тууралуу кийин укканын билдирди.
Маалымат толугу менен видеодо.