Сергей Дворянков: “Майдан жакшы болсо, Азербайжан менен болгон оюн башка нукта өтмөк”

Эртең, 19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо АФКнын (Азия футбол конфедерациясы) 2014-жылы өтө турган Чакырык кубогуна карата көрүлүп жаткан даярдыктын алкагында Кыргызстан курама командасы Азербайжан менен беттешет. Оюндун алдында бүгүн, 18-ноябрда аталган 2 курама команданын башкы машыктыруучуларынын катышуусунда пресс-конференция болуп өттү. “Азербайжан курама командасы Европадагы күчтүү курама командалардан. Азербайжанга карата оюнда жогорку сапаттагы оюн үчүн бизге майдандын жакшы абалда эмес экендиги жолтоо болушу мүмкүн. Албетте, үйдөгү оюнда жеңиш үчүн көп фактор роль ойнойт”,- деп билдирди Кыргызстандын башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков. Эске салсак, 19-ноябрда 15:00дө башталат. Кирүү акысыз. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Almabek
2013-11-18 15:36:19
Россиянын бачагын чыгарып коеюн деген Азербайжан кучтуу команда кантсе да.
0
kanybek_kg
2013-11-18 16:08:58
Оралбаган орок тандай деген экен кучтуу команда болбо майданга карабайтта
0
belya
2013-11-18 17:30:28
Жаман снайперге куболор жолтоо болот демекчи!
0
admin_superstan
2013-11-19 10:39:52
baxa1980, көпчүлүккө таандык этика нормаларын бузууга жол берилбейт!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан