Бишкекте мас абалында кайгуул кызматкерлерине баш ийбей качкан айдоочу кармалып, ага 7 протокол толтурулду. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, 14-декабрда милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда болжол менен саат 02:50 чамасында Дэн Сяопин жана Патрис Лумумба көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Nissan Mistral үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Бирок айдоочу кызматкерлерге баш ийбей качып кеткен.
Качуу учурунда коомдук коопсуздукту бузуп, башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жана коркунуч келтирген. Бирок кызматкерлердин ыкчам аракетинин натыйжасында айдоочу Медеров жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинен кармалган. Ошондой эле айдоочусу 1973-жылы туулган Р.К. экендиги такталган. Спирт ичимдигин ичкендигин текшерүү учурунда мас абалында экендиги аныкталган.
Бул факты боюнча айдоочуга жол эрежесин одоно бузгандыгы үчүн жалпы 7 протокол толтурулуп, автоунаасы убактылуу токтотулуучу айып короо жайына киргизилди.