Сергей Дворянков: “Азербайжан менен ойной турган курамга Өлкө чемпиону “Алайдын” оюнчулары чакырылган жок”

Эртең, 19-ноябрда боло турган Кыргызстан-Азербайжан оюнуна Өлкө чемпиону “Алайдын” оюнчулары чакырылган жок. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Кыргызстан жана Азейрбайжан курама командаларынын башкы машыктыруучуларынын журналисттер менен жолугушуу учурунда Кыргызстандын башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков билдирди. “АФКнын (Азия футбол конфедерациясы) 2014-жылы өтө турган Чакырык кубогуна карата көрүлүп жаткан даярдыктын алкагында өтүүчү жолдоштук оюндардын бирине “Алайдын” 5 оюнчусун чакырганбыз. Клуб жетекчилери оюнчуларына уруксат берген жок. Бул үчүн клуб акчалай айыпка жыгылган. Башка чара көрүлгөн эмес. Ушуга байланыштуу Азербайжан менен болчу оюнга “Алайдын” футболчуларын чакырган жокпуз”,- дейт ал. Ага кошумча, эртең боло турган оюнда Сергей Дворянков курамда 20 футболчу  бар экенине токтолду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Almabek
2013-11-18 15:41:17
Эгер "Алай" ФКнын жетекчилери оюнчуларын курама команданын жыйындарына жибербесе, анда аларды кыргыз чемпионатына катыштырып кереги не. Эмнеге анда алар чемпион болушту? Чемпиондугу бир тыйын, эгер олконун кызыкчылыгын коздошпосо. Анан да футболчуларга эле зыян, бардык жактан. Коралбастык, ичи тардык орун алган го анда?!! Жердештерин олконун курама командасында ойноп жатса куйорманга деле жакшы маанай тартууламак да!
+1
Mechta.kg
2013-11-18 16:07:06
Almabek, Алай командасы эмне себебтен катышканга макулдугун бербегенинин себебин билип анан жазсан болмок.
0
Almabek
2013-11-18 17:14:45
Mechta.kg, билсен жазбайсынбы, билсен жаз, балким себебин билип алмакпыз.
-2
sibiryak
2013-11-18 15:50:25
Акмактар жада калса спортто дагы кыргыз жетекчилердин шалаакалыгы байкалат.Башка олколордо футболчулардын максаты улуттук командада ойноо.Футболчуларга очень жаль!!!
0
eldorado04061990
2013-11-18 16:32:53
ошентип бирине бирин кыйын болуп, таарынымыш болуп, коралбастык кылып журо бергиле.
0
baymar
2013-11-19 05:24:43
Аларды чакырсада чакырбасада барибир Кыргызстан женилет.Себеби женген команда федерацияга чон акча толош керек аны чондор эч качан толобойт.
+2
Almabek
2013-11-19 10:28:37
Кайсы федерацияга акча толойт. Эгер бул беттешууну Кыргызстан тарап уюштурган болсо гана Азербайанга акча толоп бериши мумкун, а женсе эч кандай федерацияга акча толонбойт. Рейтинг орду гана озгорот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан