Андрей Пятахин Beeline Кыргызстандын башкы директору болуп дайындалды

Байланыш кызматтарынын жана Интернет тармагынын алдыңкы глобалдык камсыздоочусу болуп саналган VEON Ltd. (ВЕОН Лтд.) компаниясы бүгүн Андрей Пятахин Beeline Кыргызстандын башкы директору болуп дайындалгандыгы тууралуу жарыялады.

Андрей Пятахин телекоммуникация тармагында 20 жашынан бери иштейт. 2006-жылы VEON Тобуна кирип, ушул убакытка чейин Топтун кызыкчылыктары үчүн эмгектенип келген. Ал компаниядагы жолун «ВымпелКомдун» Липецктеги филиалынын комерциялык директору катары баштап, компаниянын аймактык бөлүмдөрүндө коммерциялык директор, Россиядагы Beeline’дын корпоративдик бизнесин өнүктүрүү боюнча директор, Москва аймагынын вице-президенти жана аймактык директору болуп эмгектенген. 2009-2011-жылдары «VEON Грузия», ал эми 2013-жылдан тарта – «VEON Армения» компаниясын жетектеген.

Андрей Липецк мамлекеттик техникалык университетин аяктаган. Америкалык бизнес администрациялоо университетинин «Менеджмент» адистиги боюнча даражасын алган, экономика илимдеринин кандидаты. «Байланыш чебери» наамы менен сыйланган. Үй-бүлөсү бар, үч баланын атасы.

Өзүнүн жаңы кызмат ордунда Андрей Beeline’дын Кыргызстандагы позицияларын бекемдөөгө көңүл бурат.

«Кыргызстан 4G киргизилген көз караштан алганда эң туруктуу рыноктордун бири болуп саналат жана бизге өз кардарларыбызга инновациялык кызматтарды көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. «Биз 2021-жылы көргөн кадамдардын, анын ичинде мындан бир аз мурда жыштыктардын спектрин сатып алуубуздун аркасы менен, VEON тобунун башка өлкөлөрүндөгүдөй эле, Кыргызстанда Beeline’дын (экономикалык жактан) өсүүсүнүн аналогиялык тарыхын жаратууга мүмкүнчүлүгүбүз бар», — деди VEON компаниясынын башкы директору Каан Терзиоглу (Kaan Terzioğlu). — Андрей чоң тажрыйбага жана өнүккөн компетенцияларга ээ болгондуктан, бул жолдо Beeline Кыргызстан үчүн ал мыкты лидер болот деп ишенем».

VEON компаниясы жөнүндө

VEON компаниясы – бул Биржа диллерлеринин улуттук ассоциациясынын (NASDAQ) Автоматтык котировкалоо системасында жана Амстердамдагы «Евронекст» панъевропалык фондулук биржасында (Euronext Amsterdam) катталган байланыш жана санариптик кызматтардын глобалдык камсыздоочусу. Биздин компаниялар дүйнөдөгү эң тез өсүп-өнүгүп келе жаткан рыноктордун айрымдарына мүмкүнчүлүк берген технологияга шартталган кызматтар менен жашоо образын өзгөртүшөт.

Кененирээк маалымат: https://www.veon.com сайтында жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан