Алекс Фергюсондун таржымалын чагылдырган китептен окурмандар 45 ката табышты

Британиялык футбол адиси, англиялык “Манчестер Юнайтеддин” мурдагы башкы машыктыруучусу Алекс Фергюсондун таржымалын чагылдырган “Менин таржымалым” китебинен окурмандар 45тен ашык ката табышты. Бул тууралуу британиялык басылмалар билдиришет.

Маалыматка ылайык, китептеги окуялардын көбүндө жылдар туура эмес көрсөтүлгөн. Мисалы, “МЮнун” оюнчусу, уэльстик Райан Гиггз команда менен алгачкы оюнга 16 жашында чыккан" деп жазылат. Чынында, алгачкы оюнун өткөрүп жатканда Гиггз 17 жашта болчу. Китепте "2001-жылы “МЮ” голландиялык коргоочусу Яп Стамды италиялык “Ромага” саткан" деп айтылат. Тактай келгенде, Стам италиялык “Лацио” менен келишим түзгөн. Сэр Алекс Фергюсон өз таржымалын чагылдырган китебин 2013-жылы 22-октябрда сатыкка койгон. Бир апта ичинде китептин 115547 даанасы сатылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
belya
2013-11-18 17:21:21
Мындай залкар адамдарга катачылык кечиримдуу, кол алдынан канча деген жакшы ойунчулар тарбияланды да жана сатылды. Ошончо маалымат арасынан адаштырып алганы мумкун. Мен озум МЮ чон куйорманымын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан