Футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Тбилиси шаарында Грузия курама командасына каршы экинчи жолдоштук беттешинде 2:2 эсебинде тең чыкты.
Кыргыз курамасынан голдорду Нурсултан Абдылдаев 20-мүнөттө киргизсе, экинчи голду 30-мүнөттө Азат Исабеков жаратты.
Кечээ, 21-декабрда өткөн бул эки кураманын беттеши 2:1 эсебинде Кыргыз курамасынын жеңиши менен аяктаган.
Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы мелдешке даярдык көрүү үчүн 13-19-декабрда Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу, ошондой эле Азия кубогунун тандоо этабына даярдануу максатында футзал жыйынын өткөргөн.