Дүйнөлүк күрөш уюму 2021-жылы күрөштө орун алган урунттуу окуялардын катарына Акжол Махмудовдун "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында финалга чыгуусун дагы кошту.
Дүйнөлүк күрөш уюму төмөнкү балбандарды 2021-жылы мыкты көз ирмем тартуулады деп баалаган.
1. Мижан Лопес - Олимпиада оюндарында төрт жолу чемпион болгон дүйнөдөгү биринчи балбан.
2. Виктор Чобану - Молдованын атынан Дүйнө чемпиону болгон алгачкы балбан.
3. Акжол Махмудов - Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында Олимпиада оюндарынын финалына чыккан экинчи балбан.
4. Кевин Кастильо - Гондурас өлкөсүнүн атынан панамерика чемпиону болгон алгачкы балбан.
5. Идрис Ибаев - Германиянын атынан 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиону болгон алгачкы балбан.
6. Хасрат Жафаров - Азербайжандын атынан 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиону болгон алгачкы балбан.
7. Марсель Стеркенбург - Нидерланды үчүн 43 жылдан бери алгачкы Жаштар арасындагы Дүйнө чемпиону.
Буга чейин Дүйнөлүк күрөш уюму Акжол Махмудовдун Олимпиада оюндарынын жарым финалында жасаган ыкмасын 2021-жылы мыкты тартылган сүрөттөрдүн катарына кошкон.