Бүгүн, 23-декабрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз болуп, кийин жансыз денеси табылган Сумая Хосилжанованы өлтүрүүгө шектелип Сузак районунун тургуну1973-жылы туулган У. А. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Милиция учурда тергөө ишин жүргүзүүдө. Алгачкы суракта шектүү бул ишке барганынын себебин акча менен байланыштырып "акча талап кылайын дегем" деп жооп берген.
Учурда тийиштүү кызмат шектүү мурда баңгизатын колдонгон же колдонбогонун териштирүүдө деп билдирет басма сөз катчы.
Буга чейин Сумая Хосилжанованын атасы Уткирбек Сулайманов кылмышка шектелип кармалган адамды тааныбай тургандыгын ага байланышканыбызда билдирген.
Маалымат үчүн:
Сумая Хосилжанова 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Аны издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчы тартылган.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз болуп, 27-ноябрда жансыз денеси табылган Сумая Хосилжанованын өлүмү боюнча "киши өлтүрүү" беренеси менен иш козголду.
Сумаяны акыркы сапарга узатуу зыйнатына 10 миңден ашуун адам катышкан. Анын сөөгү Сузак айылынын Кайрагач мазарына жерге берилген.