"Ак шумкарлардын" жарым коргоочусу Эдгар Бернхардт "Дордой" клубу менен коштошту

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын жарым коргоочусу Эдгар Бернхардт бишкектик "Дордой" клубу менен коштошту. Бул тууралуу "Дордой" клубунун басма сөз кызматы маалымдады.

"Эдгар Бернхардт менен түзүлгөн келишимибиз аяктап, клубдан кетти. Футболчуга клубдун атынан терең ыраазычылык билдиребиз жана алдыдагы карьерасына ийгилик каалайбыз", - деп жазылат билдирүүдө.

Эдгар Бернхардт өткөн жарым сезондо "Дордой" клубунун катарында 13 оюнга катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Haanykeim
2021-12-25 09:05:45
Жакшы бар дейбиз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан