Дүйнөлүк күрөш уюму кыргыз балбаны Эрназар Акматалиевдин өзбекстандык Ильяс Бекбулатовду көтөрүп чапканын "2021-жылдагы мыкты учур" деп атады. Мындай маалымат аталган уюмдун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Бул эки балбан "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына тандап алуу турниринин жарым финалында кез келген. Анда кыргыз балбаны ири эсепте утулуп жатып, өзбекстандык балбанды көтөрүп чаап, далысын жерге басып жеңишке жеткен.
Муну менен кыргыз балбаны Олимпиада оюндарына жолдомо уткан.
Буга чейин Дүйнөлүк күрөш уюму кыргыз балбан кыздарын 2021-жылы ачылыш жасаган балбандардын бештигине киргизген.