Футбол: 29 жаштагы футболчу оюн башталарына бир нече мүнөт калганда каза болду (видео)

Футбол боюнча Оман чемпиондугунун алкагындагы беттеште футболчу оюн алдындагы машыгуу учурунда каза болду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, "Маскат" клубунун оюнчусу Мухалад Аль Рукади беттештин башталышына бир нече мүнөт калганда күтүүсүздөн эсин жоготуп койгон. Андан кийин анын жүрөгү кармап калгандыгы белгилүү болгон. Дарыгерлердин кылган аракетине карабай ал каза болгон. Футболчу болгону 29 жашта болчу.

Анын каза болгонун уккандан кийин командалаштары, машыктыруучулары, атаандаштары, футбол калыстары көзүнө жаш алган. Мындан улам бул беттеш токтотулган. Бирок Оман чемпиондугундагы башка оюндар бир мүнөт унчукпай туруу менен улантылган. Футбол күйөрмандары муну "адамгерчиликсиз" деп атап, футбол федерациясынын өкүлдөрүн кызматтан кетишин талап кылышууда.

29 жаштагы футболчу оюн башталаарына бир нече мүнөт калганда каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Bishkek-Kg
2021-12-25 00:44:02
Ушу супердин видеолору катып, дагы деле норма көрсөтпөйт. Качан алдыга жылат силердин технологияңар.
+15
Zhoro
2021-12-25 06:40:40
Жогорудагы пикирлер (комментарий) менен макулмун, оңолуп калаар
+5
Jaraisyn
2021-12-25 20:36:11
10 секунддук видео 80, 100 мб болсо керек да.
+2
Sultan22u
2021-12-25 21:18:19
Видео кошпой еле койсоңор болот екен баары бир ачпайт
+2
Mister-XXX
2021-12-26 00:03:40
Мен телефонумду күнөөлөп жатпаймбы..
Элдин баарында эле көрсөтпөйт тура.
Эсиңерде болсо керек,мурда видео жакшы көрсөтчү.Супер инфо алдыга эмес,артка кетип жатат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан