"Боз салкын" тасмасында "Эй, эмне болду сага, кыңк этсең бүктөп коём" деген образ менен көпчүлүккө таанылган актёр Камчы Сарыбаев. Жакында эле президент Садыр Жапаров менен футбол ойногондугу туурасында маек курдук.
"Боз салкын" кино тасмасында менин кичинекей эле образым бар болчу. Андан кийин эле сен муну ойнойсуң, аны ойнойсуң деп жатышып ролдор кошула берип "Боз салкында" образ жаратып калгам", - деди Камчы Сарыбаев.
Мындан тышкары актёр президент менен футбол ойногонуна сүйүнгөнүн айтты.