22-26-декабрь күндөрү коңшу Өзбекстандын Ташкент облусунда грэпплинг боюнча Азия Кубогу өтүп, анда кыргыз спортчулары 8 медаль утушту.
Азия Кубогу грэпплингдин Комбат жана Ногдаун А (ММА) түрү боюнча өткөн. Анда Кыргыз өлкөсүнүн атынан 8 спортчу катышып, баары тең байгелүү орундарга ээ болгон. Кыргыз курамасын грэпплинг боюнча Дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону, машыктыруучу Эрали Аскарбеков жетектеп барган.
Чоңдор арасындагы Комбат грепплинг түрүнөн:
Айбек уулу Байыш, Мамбетов Жеңишбек күмүш медаль;
Рахманов Мыктыбек коло медаль;
Ногдаун А (ММА) түрүнөн:
Султанбаев Азамат, Самарбек уулу Нурдөөлөт алтын медаль;
Мыктыбеков Ибрагим коло медаль;
Кадеттер арасынан:
Жунушбаев Калыбек алтын медаль.
Исаев Санжар коло медаль утуп алышты.