"Барселона" футболдук клубунун расмий дүкөнүндө мурдагы оюнчусу Лионель Мессинин аты жазылган футболкалар дагы деле сатылууда. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, расмий каталондук дүкөндөн дагы эле Лионель Мессинин оригинал автографы бар футболканы 1 миң 170 еврого сатып алууга болот. Месси кол койгон капитандык боону 643,5 еврого сатып алса болот.
Мындан тышкары, каталондук клуб дагы башка легендалардын кол тамгасы бар футболкаларды сатышууда. Мисалы, Андрес Иньеста же Хавинин кол тамгасы коюлган футболканы 2 миң 950 еврого сатып алууга болот.
Эскерте кетсек, Месси "Барселона" клубунан "Париж Сен-Жермен" клубуна 10-августта кошулган.